• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салууну айыптады

Президент 0

Бишкек, 14.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады.

«Талапкер жана АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм.

Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий