• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Садыр Жапаров ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты

Президент 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган.

Көргөзмөгө тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жай жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштеген 100дөн ашык ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган. Мамлекет башчысы көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, ири эл аралык рыноктордо “Кыргызстанда жасалган” деген брендди илгерилетүүнүн жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров экономиканы чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ички жана тышкы рыноктордо продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий