• 87
  • 90.43
  • 0.88

Садыр Жапаров Австриянын Федералдык президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Вена шаарында Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, маданий жана билим берүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү, ошондой эле энергетика жана транспорт жаатындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

“Менин оюмча, биз экономикалык мамилелерибиздин потенциалын толук колдоно элекпиз. Акыркы жылдары Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода кыйла өскөнү менен, ал дагы деле өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ. Сиздин сапарыңыз биздин кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн конкреттүү жолдорду аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк берет”, - деп белгиледи Федералдык Президент Александер Ван дер Беллен.

Президент Садыр Жапаров Александер Ван дер Белленге жылуу кабыл алуусу, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Австрия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

“Биз Австрия менен болгон достук мамилелерди жогору баалайбыз жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да алга жылдырууга умтулабыз. Менин сапарым жана биздин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүз эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга кызмат кылат деп ишенем”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы экономикалык кызматташтыкты, атап айтканда, 2024-жылдын 30-октябрында Вена шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын механизми аркылуу активдештирүүнүн зарылдыгына токтолуп, жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Садыр Жапаров Кыргызстан биздин өлкөнүн экономикасына Австриянын инвестиция, алдыңкы тажрыйба жана технологияларын тартууга кызыкдар экенин айтты. Буга байланыштуу ал ишенимди бекемдөөгө, менчикти коргоого жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган чаралардын комплекси кабыл алынганын белгилеп, ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө Мыйзамдын кабыл алынышы тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы Австриянын Федералдык Президентинин көңүлүн эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечектүү багыттары болуп саналган гидроэнергетика, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү жана минералдык-чийки зат секторуна бурду.

Гидроэнергетика маселесине өзгөчө басым жасалды. Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун стратегиялык маанисин белгилеп, өлкөдө 50 чакан жана орто ГЭСтердин курулушу тууралуу айтып берди, алардын бир бөлүгү аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекет башчысы австриялык компанияларды бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Садыр Жапаров жыл сайын 850 миңге чейин туристти кабыл ала турган Борбор Азиядагы эң ири “Кыргыз “Куршевель” тоо лыжа кластеринин курула баштаганын айтып, туризм тармагындагы олуттуу потенциалды белгилеп өттү. Ал Австриянын тоо лыжа туризминин тармагында тажрыйба алмашууга жана мыкты тажрыйбаларга кызыгуусун билдирди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстандын БУУ алкагындагы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге токтолуп, экологиялык кызматташтыкты белгилей кетти. Ал Австриянын Президентине Глобалдык тоо күн тартибин биргелешип илгерилетүү үчүн күчтөрдү бириктирүүнү сунуштады, ошондой эле австриялык тарапты 2027-жылы “Бишкек +25” Экинчи Глобалдык тоо саммитинин ишине катышууга чакырды.

Аягында Президент Садыр Жапаров мазмундуу сүйлөшүүлөр үчүн ыраазычылык билдирип, алардын өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүүлүгүн белгилеп, Президент Александр Ван дер Белленди ага ыңгайлуу болгон заманда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий