Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы "Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу" болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан, Казакстан , Өзбекстан мамлекет башчылары, Түркия жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат” - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий