• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Садыр Жапаров: Бейтаптардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет

Президент 0

Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөккө операция жасоо колго алынып, февралдын башында 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Учурда 2,5 миңден ашуун кыргызстандык гемодиализ алат. Гемодиализдеги жарандардын бардыгынын бөйрөгүн бекер алмаштыруу пландалууда. Анын шарттары, каражат маселеси кандай чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде айтып берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакшы кабарды жар салды. Сиздин тапшырмаңыз менен Кыргызстанда бөйрөккө операция жасала баштаганы туурасындагы жаңылык тарады. Бул иш сиздин тапшырмаңыз жана колдооңуз менен башталганы айтылды. Негизи, операцияга көп каражат кетет деп көп эле угуп жүрөбүз. Айтсаңыз, каражат маселеси бизде кандай шартта болууда? Мамлекетте гемодиализ алып жаткандарга операцияга бергенге каражат барбы?

— Саламатчылык! Ооба, өлкөдө өзүбүз бөйрөккө операция жасоону баштадык. Азыркы учурда жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жарандарыбыз бар. Мага берген маалыматка ылайык, учурда алардын арасынан 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды.

Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады.

Эки медицианалык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Кудай буюрса эми мындан ары бөйрөк алмаштыруу улантылат.

Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет.

“Эмне үчүн?” деген суроо туулат. Биз муну менен эки пайда алып келебиз. Кантип?

Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат.

Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да.

Ошондо биринчи пайдабыз — жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят.

Ушул сыяктуу эле операция акысы башка чет мамлекеттерде 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин турат. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. Эсиңиздерде болсо, 2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен.

Анан гемодиализде жаткан жарандарыбыздын баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок да. Ошол үчүн мамлекет жардам берип жатабыз.

— Шарттары кандай?

— Бейтап донорду өзү табат. Бул – иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси деген сыяктуу жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү. Муну бейтаптар өздөрү жакшы билишет. Жакында эле донор боло алчулардын тизмегин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койдум.

Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат.

Андан кийинки процедуралары боюнча суроолоруңар болсо министрликке кайрылсаңыздар болот.

— Коомчулукту түйшөлткөн суроолорго жооп бергениңиз үчүн чоң ыракмат.

— Сиздерге да ыракмат. Ишиңер ийгиликтүү болсун.

Маектешкен "Кабар" КУМА директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий