• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Садыр Жапаров Бразилиянын президентине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта, Бразилия Федеративдик Республикасынын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага Бразилиянын Сан-Паулу штатында көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем. Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий