• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Садыр Жапаров Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү планы менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчыга бул облусту өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүштү өбөлгөлөөгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылуусу тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровго Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 млрд сомдук иштердин пландары жана жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.

Алсак, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын реконструкциялоого республикалык бюджеттен 158,5 млн сом каралган. Шаардын жалпы узундугу 23 чакырымды түзгөн 18 көчөсүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 8931,00 метр траншеялар казылып, 6260,00 метр болот түтүктөр ширетилип, 180 кудук орнотулду.

Шаарда 140 орундуу жаңы бала бакча курулат, анткени 1960-жылдан бери иштеп келе жаткан мекеме имараттын конструктивдик долбоору заманбап ченемдерге жана талаптарга жооп бербегендиктен ушул жылдын май айында жабылган. Жалпы пайдалуу аянты 1100 чарчы метр болгон заманбап 2 кабат имаратты куруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, максаттуу трансферттин эсебинен Кара-Балта шаарында жалпы суммасы 184,7 млн сомго узундугу 10 км болгон автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо (асфальт-бетон төшөө) каралган, ошондой эле ачылып жаткан өнөр жай ишканаларына алып баруучу жолдорду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Шаарды өнүктүрүү планына ылайык, «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасы түзүлөт. Долбоордун алкагында асфальт-бетон жана таш майдалоочу цехти, бетон заводун, вибрациялык пресс, жол белгилерин чыгаруучу цехти куруу, жол курулуш техникаларын сатып алуу каралган.

Муну менен катар туризмди өнүктүрүүгө, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоор «Кербен» муниципалдык базарын куруу пландалууда. Долбоордун алкагында 78 соода павильонун орнотуу жана аймакты жашылдандыруу камтылган.

Буга чейин 30 жылдан ашык токтоп турган «ДАН» мамлекеттик ишканасынын базасында макарон азыктарын өндүрүү кайрадан жанданат. Бүгүнкү күндө имаратты реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоор 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Цехтин аянты 4,0 миң чарчы метрден ашык.

Ушул эле Кара-Балта шаарында кышкы бассейн, бокс жана күрөш залдары, футбол аянтчасы, башкы корпусту камтыган «Манас» спорт комплекси реконструкцияланууда. Реконструкциядан кийин көрүүчүлөр трибунасы 2149 орунга эсептелип, ага 49 орундуу VIP зонасы да кирет. Бардыгы болуп 20 спорттук секция иштейт, аларга 700 адам катышат.

Мындан тышкары шаарда иштеп жаткан эки эс алуу багы реконструкцияланат.

Ошону менен бирге санариптештирүүнүн алкагында шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү, жол кырсыктарын азайтуу, шаардын коопсуздугун жакшыртуу максатында интерактивдүү карталар түзүлөт, видеокамералар сатылып алынып, орнотулуп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборуна туташтыруу менен адамдын жүзүн таануу жана мамлекеттик номерди таануу функциялары бар 34 видеокамераны орнотуу пландаштырылып жатат. Камераларды шаардын 11 жеринде орнотуу пландалууда

Пикир

Оставить комментарий