• 84.2
  • 93.02
  • 0.93

Садыр Жапаров: Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жаткандыгын айтып, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алгандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Эл койгон негизги талаптардын сап башында "Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле" деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. "Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы" деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.

Каалоочулар болсо Администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар - Мурат Укушов (0312 625026)", - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий