• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Садыр Жапаров Даниэль Лозакович менен Элен Мерсьенин концертине барды

Президент 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович менен атактуу пианист Элен Мерсьенин классикалык музыка концертине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Музыканттар биринчи жолу өз таланттарын бириктирип, эмоцияга толгон жана техникалык жактан мыкты уникалдуу программа түзүп, Бахтын, Брамстын сонаталарын жана виртуоздук пьесаларды аткарышып, көрүүчүлөрдү чеберчилиги менен таң калтырышты.

Концерттен кийин президент Садыр Жапаров Даниэль Лозакович жана Элен Мерсье менен баарлашып, алардын өлкөнүн маданий турмушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди, мындай нерселер руханий байланыштарды бекемдей турганын, заманбап коомдогу искусствонун маанилүүлүгүн белгилей кетти, жана артисттерге эстеликке белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий