• 87
  • 90.63
  • 0.79

Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүнө аялуу болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин (COP29) алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогго катышты.

Иш-чара Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулду.

Мамлекет башчысы өз сөзүн кыргыздын "Тоолордо менин жүрөгүм, тоолордо менин түнөгүм!" деген макалы менен баштап, тоолордун ыйык жана экологиялык маанисин белгилей кетти.

Президент тоолуу аймактарда жашаган адамдар катаал табигый шарттар, табигый кырсыктар, айыл чарба жерлеринин начар түшүмдүүлүгү, изоляция жана социалдык-экономикалык кызматтарга чектелген жеткиликтүүлүк сыяктуу кыйынчылыктарга туш болорун, мунун баары алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, жакырчылыктын өсүшүнө алып келерин айтты.

"Бүгүн климаттын өзгөрүшү биздин мөңгүлөргө, суу ресурстарыбызга, айыл чарбабызга жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын мөңгүлөрү теңдешсиз ылдамдыкта эрип жатат: акыркы 50-70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 1262 км²ге же жалпы аянттын 16%га кыскарды. Бул тенденция уланса, кылым аягында мөңгүлөрдүн көбү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул жөн гана статистика эмес – бул мөңгүлөрдөн башталган таза сууну пайдаланган миллиондогон адамдардын жашоосуна жана жыргалчылыгына түздөн-түз коркунуч", - деди Садыр Жапаров.

Ал климаттын өзгөрүшү көйгөйүн бир да өлкө өз алдынча чече албай тургандыгын баса белгилеп, Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө эң аз таасир эткен тоолуу өлкөлөргө, бирок климаттык өзгөрүүлөргө эң аялуу болгон мамлекеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун күчөтүүгө чакырды.

"Ушуга байланыштуу, биз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолор жана мөңгүлөр көйгөйлөрүнө бурууга багытталган саясий документ болгон Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияга кошулууга чакырабыз. Тоолордун көйгөйлөрүнө жана алардын экологиялык маанисине глобалдык деңгээлде жаңыча көз караш талап кылынат, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу экосистемаларга тийгизген таасирин, анын ичинде Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун негизинде терең изилдөөлөрдү жүргүзүү керек", - деген президент Кыргызстан COP29 күн тартибине жыл сайын Тоолор жана климат боюнча Эксперттик диалог өткөрүүнү сунуштаганын кошумчалады.

Бул диалог тажрыйба жана билим алмашуу, туруктуулукту жогорулатуу, адаптация чараларын кабыл алуу жана тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жашоо шарттарын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө болгон аялуу деңгээлин төмөндөтүү үчүн биргелешкен чечимдерди табуу үчүн маанилүү.

"Ошондой эле биз мамлекеттерди тоолуу өлкөлөрдүн жана жамааттардын “күчтүү жана бирдиктүү үнү” болуп кызмат кылган Тоо өнөктөштүгү сүйлөшүү тобуна кирүүгө чакырабыз. Кыргызстан тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкка чоң көңүл буруп, дүйнөлүк деңгээлде тоо маселелерин илгерилетип келет", - деген мамлекет башчысы 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” жана 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылы” деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларын кабыл алууга колдоо көрсөткөн бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Кыргызстан 11 өлкө менен биргеликте тоолуу аймактарды узак мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүүнүн символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын айтып, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Эл аралык ак илбирс күнүн жарыялоо боюнча резолюцияны колдоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргызстандын БУУ системасындагы тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери менен тааныштырды. Анда БУУнун Башкы Ассамблеясынын биоартүрдүүлүк жана мөңгүлөрдүн мониторинги боюнча трансчегара кызматташтыгы жөнүндө резолюциялары, ошондой эле 2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо сыяктуу өлкөнүн жетишкендиктери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий