• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Садыр Жапаров Элдик курултайды өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий