Бишкек, 23.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Президент Садыр Жапаров эмгегинде баар тапкан бир катар кыргызстандыктарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өтүүдө.
Бүгүн мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, 200гө жакын ар кыл кесиптин ээлери өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланды. Сыйлыкка татыгандардын арасында сот, милиция, прокуратура, транспорт, курулуш, спорт тармактарынын өкүлдөрү бар.
Пикир
Оставить комментарий