• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 15.01.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинасты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Евробиримдик менен аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусунун активдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы жана Еврокомиссиянын вице-президенти маселелердин кеңири спектрин, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду, инвестицияларды, каржылоону, банктык мамилелердин келечегин жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Президент 29-30-январда Брюсселде өтө турган, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Инвесторлор форумунун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасындагы адам укуктарын талкуулоодо мамлекет башчысы активдүү жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана интернетке чектөөсүз кирүүнү белгилеп, онлайн-мейкиндиктеги ишенимдүү маалыматтын маанилүүлүгүн айтты.

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас өз кезегинде Борбор Азиядагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Еврокомиссия учурдагы мезгилди тарыхый учур катары көрүп, бул оң тенденцияларды активдүү колдойт.

Маргаритис Скинас каржы-экономикалык өнөктөштүк чөйрөсүндө кызматташтык күчөтүлөрүнө ишенимин билдирди.

Еврокомиссиянын вице-президенти анын Кыргызстанга болгон сапары климаттык долбоорлорго, транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерине багытталганын белгиледи. Ал Еврокомиссия Кыргызстандын бул жааттагы күчтүү жактарын колдоого даяр экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий