Садыр Жапаров Ильхам Алиевге атасынын сүрөттөрү камтылган альбом белек кылды

Саясат 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын биринчи күнү президент Садыр Жапаровдун атынан расмий кече менен аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, меймандар үчүн кыргыз жана азербайжан эстрадасынын репертуарындагы чыгармалар аткарылып, концерттик программа тартууланды.

"Ошондой эле кыргыз жана азербайжан элдеринин бий номерлери аткарылды. Расмий кече жүрүшүндө Садыр Жапаров Ильхам Алиевге анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурундагы сүрөттөрү камтылган альбомду белек катары берди", - деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын жүрүшүндө кыргыз-азербайжан кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий