• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров инвесторлорду Кыргызстандагы "жашыл" долбоорлорго инвестиция салууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөп, анда инвесторлорду Кыргызстандагы "жашыл" долбоорлорго инвестиция салууга чакырды

Президент өз сөзүндө, Кыргызстан парник газдарынын чыгышынын деңгээли төмөн өлкө катары Париж келишиминин максаттарын жактоочу бойдон калууда жана 2030-жылга карата “адаттагыдай бизнес” сценарийи боюнча абага бүркүлүшүнүн деңгээлинен 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо - 44%га кыскартууну пландаштырууда деди.

"2050-жылга карата "жашыл" өнүгүү платформасында биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландаштырууда.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү, анын ичинде гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Биз азыр жалпы 142,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия потенциалдын 13 пайызын гана колдонуп жатабыз", - деди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын зор гидроэнергетикалык потенциалын ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каржылоосуна үмүт артарын кошумчалады.

"ЭКБ долбоорлорун ишке киргизүүнүн эсебинен экологиялык таза энергияны иштеп чыгууну эске алуу менен Кыргызстанда жана региондо суу ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга жана башкарууга жетишүүгө болот деп эсептейбиз, бул биздин өлкөнүн гана эмес, региондун башка өлкөлөрүнүн да энергетикалык, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Инвесторлорду биздин "жашыл" долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырабыз.

Инвесторлорду тартуу үчүн өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатат, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттарды камсыз кылат.

Электр станцияларын куруу боюнча долбоорлордун натыйжалуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынган", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы ошондой эле Кыргызстанда бүгүнкү күндө ЭКБны өнүктүрүүгө жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган бир катар чаралар кабыл алынгандыгын эске салды.

"ЭКБ субъекттерине преференциялар, жеңилдиктер жана салыктык жеңилдиктер берилген. Алар үчүн тариф салыктарды эсепке албаганда 5 АКШ центин түзөт.

Жашыл энергетика фонду түзүлгөн, анын ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз пайдаланууга укугу бар.

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп Париж келишимине Улуттук деңгээлде аныкталган жаңыланган салымын киргизди.

Учурда Улуттук деңгээлде аныкталган салымды ишке ашыруу планы иштелип чыкты, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча узак мөөнөттүү Концепцияны иштеп чыгуу аяктап, Улуттук адаптация планын даярдоо жүрүп жатат.

Биз эл аралык таанылган стандарттарга ылайык климаттык чаралардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган “Париж келишиминин алкагында ачыктыктын улуттук структурасын түзүү” программасын иштеп чыгуудабыз", - деди Кыргызстандын президенти.

Мамлекет башчысы андан тышкары, Кыргызстан токой аянттарын көбөйтүү боюнча “Жашыл мурас” улуттук программасын активдүү ишке ашырып жаткандыгын айтып, 2022-жылы эле 8 миллиондон ашык көчөт отургузулгандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий