Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент 0


Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий