Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга келди

Президент 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы Эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Пикир

Оставить комментарий