• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

Президент 0


Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденрбург” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий