• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына келди

Президент 0


Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Минск (Беларусь Республикасы) шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Минск Улуттук аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна ЖККУга кирген мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Беларустун премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Пикир

Оставить комментарий