• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий