• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий