• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаров Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 3-октябрда Италияга болгон расмий сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын италиялык ишкерлер жана инвесторлор менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан Италия менен өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, соода, өнөр жай, туризм жана маданият өңдүү тармактарда өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Италиянын бизнес-коомчулугу Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана ар кыл тармактарда алдыңкы технологиялар менен тажрыйба алмашууга даяр экендигин баса белгилешти.

Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байланыштарын, анын ичинде искусство, кино, музыка жана театр тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгү да белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий