• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров капиталдык оңдоодон өткөн "Теплые ключи" курорттук комплексине барды

Президент 0


Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда капиталдык реконструкциядан өткөн "Теплые ключи" санаторийлик-курорттук комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунда жайгашкан "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген.

Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында дарылоо-ден соолук чыңдоо комплекси Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.

Өлкө башчысы дарылоо-ден соолук чыңдоо комплексин кыдыруу учурунда санаторийдин 6 айдын ичинде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланган биринчи бөлүгүн көрүп чыкты. Анда ошондой эле электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген.

Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулган. Ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланды. Мындан тышкары, тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган.

Бардык ички жолдору асфальтталып, тротуардык такта төшөлгөн. Куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулган. Аянт көрктөндүрүлгөн.

Комплекстин экинчи бөлүгүнөн Мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышты. Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган. Мындан тышкары каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталды.

Президент Садыр Жапаров дарылоо-ден соолук чыңдоо комлпексин көрүп чыккан соң санаторийдин кызматкерлери менен маектешти.

Мамлекет башчысы кызматкерлердин ойлорун угуп, КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге ден соолукту чыңдоо комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.

Президент комплексте түзүлгөн шарттар "Ала-Арча" сыяктуу эс алуу жайларындагы жүктөмдү азайтууга жардам берерин баса белгиледи. Садыр Жапаров белгилегендей, учурда "Теплые ключи" санаторийи кыргызстандыктарды да, туристтерди да ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн кабыл алууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий