• 87
  • 90.63
  • 0.79

Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери У Вон Шик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле инвестиция, технология жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз тарап ар тараптуу өз ара аракеттенүүгө даяр экенин ырастады. Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берип, кореялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров акыркы беш жылда Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 15 эседен ашык көбөйүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жеткенин айтты. Ал маанилүү максат - сооданын көлөмүн гана көбөйтүү эмес, өлкөлөр алмашып жаткан товарлардын ассортиментин диверсификациялоо экендигин белгиледи.

Кыргызстандын президенти айыл чарба, текстиль өнөр жайы жана тоо-кен тармагы сыяктуу кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле маданият, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал маданий өз ара аракеттенүү жана туризм тармагындагы кызматташтык эки өлкөнүн элдеринин жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Улуттук Ассамблеянын спикери У Вон Шик бул сапар Кыргызстандын жетекчилигинин акыркы он бир жылдагы биринчи сапары экенин, ага өзгөчө маани берерин айтып өттү. Акыркы жылдардагы Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнүн тез темптерине жогору баа берди.

У Вон Шик кыргыз делегациясынын сапары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп, сооданы өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга дем берүүчү жаңыланган ченемдик-укуктук базанын түзүлгөндүгүн белгиледи. Спикер бул эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү үчүн бекем пайдубал болоруна ишенимин билдирди.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары бекемдөө эки өлкөнүн бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти, ошондой эле бардык багыттар боюнча ачык диалогго жана жемиштүү өнөктөштүккө даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий