• 87
  • 90.63
  • 0.79

Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Сеул шаарында Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Юн Сок Ёль Президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Корея 1992-жылы дипломатиялык мамиле түзгөндөн кийин жакын жана достук алака түзүшкөнүн белгиледи.

Ал азыркы учурда кореялык компаниялардын Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуусу активдешип, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы алмашуу кеңейип жатканын баса белгиледи.

“Алмашуулар жана кызматташтык активдешкен шартта, өткөн жылы биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн борборлору ортосунда авиакаттам ишке киргизилген. Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Дал ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбордук Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы - “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) Корея – Борбордук Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган”, — деп белгиледи Юн Сок Ёль жана Корея бул демилгенин негизинде региондогу маанилүү өнөктөш болуп саналган Кыргыз Республикасы менен мамилени чечкиндүү өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Кореянын президенти Садыр Жапаров менен бирге дипломатиялык алака түзгөнүнө 32 жыл толгондон кийин анын деңгээлин Баарын камтыган өнөктөштүккө көтөрүү тууралуу макулдашканына басым жасады.

Юн Сок Ёль бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда экономика, айлана-чөйрө, энергетика, жеткирүү чынжырлары жана башка ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Кореяны көп жылдар бою калыптанып калган, жыл сайын бекемделип келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелер бириктирип турганын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Ал саясий диалогду, анын ичинде өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Президент бул демилгени колдоорун баса белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ишендирип өттү.

“Келерки жылы биздин өлкөлөрдүн президенттеринин саммитин өткөрүү саясий жана экономикалык кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде мындан ары тереңдетүүгө болгон маанилүү кадам болот. Аймактарыбыздын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган Сиздин «Кей – Жибек Жолу» (K-Silk Road) демилгеңизди толугу менен колдойм”, - деп, Садыр Жапаров аракеттерди бириктирүү менен гана заманбап чакырыктарды, глобалдык көйгөйлөрдү жеңип, артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө болорун айтты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын президенти кыргыз жаштарынын корей маданияты менен тилине болгон кызыгуусу артып жатканын, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Корея Республикасы менен экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал Корея тарапты 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого негиз болот деген ишенимин билдирип, президент Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий