• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Садыр Жапаров КР Баатыры Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шариповго 60 жаш мааракесине карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканканы айтылат.

“Ошол кыялды андан 60 жыл өткөндөн кийин Сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын тунгуч космонавты – кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Совет мезгилинде космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасаган республика катары космостук программанын бараандуу өкүлү болуу менен сыймыктанганын баса белгилеп өттү.

“Эгемендик жылдарында Орто Азия боюнча космоско учкан мекендешибиз катары Сиз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Космосту багындыргандагы эмгегиңиз бааланып, мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына арзыдыңыз. Өз мезгилинде биздин конструктордук бюро жана заводдор 1970-жылы уюшулган “Интеркосмос” эл аралык программасынын бакандай катышуучусу болуп дагы бир даңазаланса, 2004-жылы Сиз космоско дагы бир жолу көтөрүлүп, Россия Федерациясынын Баатыры наамына ээ болдуңуз”, – деп белгиледи Президент.

Ошентип, Кыргызстан совет мезгилинде дагы, андан кийин эгемендик жылдарында дагы космостук программаларга өз салымын кошкон мамлекет катары эл аралык коомчулукка кеңири таанылып келет.

“Буга, албетте, өз жеринин париот уулу катары Сиздин салымыңыз абдан чоң. Ата Мекенибиздин чыныгы атуулу катары эмгегиңизди Кыргызстанга арнап, “Кыргызстандан дагы космоско учкандар чыкса экен” деген каалоолоруңузду, атайын даярдык, изилдөөлөр менен окутууларга мамлекет тарабынан колдоо болсо деген сунуш-пикир, аруу тилектериңизди ылайым Жараткан кабыл кылсын. Кыял-ниети ишке ашкан, көздөгөн максатына көгөрүп жеткен Сиздей профессионал космонавттын өмүр жолу – өзгөчө Кыргызстандын жаштарына мыкты үлгү", - деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы азыр биз Жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түшкөнүбүздү белгилеп, Салижан Шариповдун каалоо-тилектери да ишке ашып, жолун жолдоп, көк асмандын сырын үйрөнүүгө сапар алчу жаштарыбызды колдоп алууга бара-бара мүмкүнчүлүк болот, деген бекем ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров космонавтты 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий