Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.
Өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров немец делегациясынын башында турган Германия президенти менен учурашууда бул сапар - Германиянын Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгынын жакшы бир белгиси экенин белгиледи. Франк-Вальтер Штайнмайерди Кыргызстандын досу, Борбор Азия боюнча белгилүү саясатчы жана дасыккан, тажрыйбалуу адис катары таанымал.
Мамлекет башчысы бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-герман кызматташтыгын деталдуу талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берерине терең ишенерин айтты.
Өз кезегинде Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровго Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын керемет Кыргызстан өлкөсүнө үчүнчү ирет келиши.
Германиянын президенти Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жылдан ашык убакыт болгонун белгиледи. Германия Кыргызстандын көз карандысыздыгын эң алгачкы этапта биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн катарында.
"Биз 30 жылдан ашык туруктуу, динамикалуу өнүгүп жаткан мамиледебиз. Буга мурдагы жылдары өткөн президенттердин деңгээлинде гана эмес, эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде да болуп өткөн эки тараптуу сапарлар далил боло алат. Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Сиздин өлкөдө бул үчүн абдан жакшы шарттар бар",-деп баса белгиледи Франк-Вальтер Штайнмайер.
Садыр Жапаров өз сөзүн улап, Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун белгиледи.
“Германия саясий абройунун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды - Германияда да жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын тең бөлүшөбүз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү.
Азыркы учурда коомдун жашоо-турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте экономикалык, саясий жана социалдык тармактарда. Мен жарандын бардык көйгөйлөрүн мамлекеттик органдар тез арада чечиши керек деген түшүнүктү карманам”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент азыр мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгына токтолду. Коррупцияга каршы толук масштабдуу күрөш жүргүзүлүп жатат, ошондон улам мамлекеттик ишмердиктин маанилүү багыттары толук каржыланбай калууда.
Экономикалык тармакка токтолгон Садыр Жапаров, ири инфраструктуралык долбоорлорго, жол курууга, ирригациялык системаларды модернизациялоого чоң көңүл бурулуп жатканына билдирди.
“Мурда башталган альтернативалык "Түндүк-Түштүк" жолунун курулушу уланууда. Коңшу мамлекеттердин катышуусунда темир жол транспорту жаатында да ири долбоор пландалган. Бул "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралынын курулушу. Долбоорду ишке ашыруу региондун өлкөлөрү үчүн жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжа берет. Дагы бир ири инфраструктуралык долбоор өткөн жылдын июнь айында башталган, бул аймактагы эң ири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу. Анын негизги максаты Кыргызстандын жана жалпы региондун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Ошондуктан, бул биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Германия менен соода-экономикалык жана технологиялык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенине көңүл бурду. Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында олуттуу потенциал бар. Кыргыз тарап үчүн Германиянын бул тармактагы жетишкендиктери жана технологиялары чоң кызыгууну жаратат. Өлкө биз келечектин отуну болгон жашыл суутекти өндүрүү боюнча германдык технологияларга кызыкдар. Кыргызстан суу ресурстарынын ири запастары менен жана Германиянын алдыңкы технологиялары менен жашыл суутекти өндүрө алмак.
Президент Кыргызстанда германиялык бизнестин ийгиликтүү иштешинин мисалдары бар экендигин баса белгиледи. Кыргызстан республикадагы немец бизнесин мындан ары да ар тараптан колдоону көздөп жатат Министрлер Кабинети бардык чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкер кеңешин экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн дагы бир натыйжалуу инструменти экенин белгиледи. Бул эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен түз диалогду жүргүзүү үчүн ыңгайлуу аянтча.
Президент 2016-жылдын январында Кыргызстанга Европа Бирлиги тарабынан Преференциялардын жалпы системасын (ВСП+) колдонуучу статусу берилгендигин эске салды. Бул системаны колдонуу ата мекендик продукциянын Европа өлкөлөрүнө экспортунун көлөмүн көбөйттү, бирок, тилекке каршы, ал күтүлгөн секирикти бере алган жок.
“Бул көйгөйдүн себептеринин бири - Евробирликтин стандарттары боюнча продукцияны сертификациялоочу лабораториялардын жоктугу. Ушуга байланыштуу Германияда жана Европа Бирлигинин башка өлкөлөрүндө тааныла турган айыл чарба продукциясын сертификациялоо боюнча эксперименталдык лабораторияны түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнөм”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле финансы-техникалык кызматташуу маселесин козгоп, Германия тарапка каржылык жана техникалык кызматташуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстандын кайрадан кирүүсүнө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
“Германия тарапка 14,9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсия кылганы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Учурда бул каражаттар өлкөнүн аймактарында жашаган тургундарга, негизинен калктын аялуу катмарына ипотекалык насыя берүүгө багытталууда. Кыргызстандын тышкы карызын Германия биринчилерден болуп конверсия кылууга даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жакшы үлгү көрсөттү. Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров Германияга немец тилин үйрөнүүгө активдүү кызыккан кыргызстандыктардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, Германияда окууга жана иштөөгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары үчүн виза процедураларын жөнөкөйлөтүүнү карап чыгуу сунушун айтты.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн фонунда тоолуу аймакта көбөйүп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен Германиянын "Жашыл Борбор Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экенине басым жасады.
“Азыркы учурда бизде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Программасы ишке ашырылууда, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү Фонду түзүлдү, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Буга байланыштуу Германия тарапка Кыргызстандагы "жашыл долбоорлорго" инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Аларды биргелешип ишке ашыруу Париж Келишиминин алкагында климаттык жана экологиялык максаттарга жетүү менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алмак”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Эл аралык уюмдардын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын ишке ашыруунун алкагында 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыялоо боюнча кыргыз тараптын демилгесине көңүл бурду. Бул беш жылдык план тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына гранттык жардамды жана инвестицияларды тартууга, “жашыл” экономиканы жана технологияларды өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине каршы турууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз тарап аталган демилгенин алкагында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүсүнө ишеним артууда.
Садыр Жапаров учурда кыргыз тарап Европа Бирлиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюу боюнча 2019-жылдан бери иштеп жатат. Кыргызстан документке кол коюуга даяр жана ЕБден даярдык тууралуу сигналды күтүүдө.
“Акыркы маалыматтар боюнча, документ ушул жылдын аягына чейин даяр болот. Биздин оюбузча, процесс бир аз созулуп кетти. Биз бул процессти тездетүүдө ЕБге мүчө-мамлекет катары Германиядан жардам сурап, аны андан ары ратификациялоону өтүнөбүз”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.
Пикир
Оставить комментарий