Садыр Жапаров Кыргызстан жана Малайзия курама командаларынын оюнуна келди

Президент 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 6-июнда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын футболдук беттешине барды.

Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 2-раундунун бешинчи турунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий