• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу Кыргызстан жаштары!
Келечек муун өкүлдөрү!

Силерди жалындаган жаштык жигердин, алдыга умтулуунун жана жаркын келечекке бекем ишенимдин майрамы – Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаштык – бул адам баласынын дүйнө таанымынын, коомго таасир этүүгө каалоосунун өзгөчө бир мезгили.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз!

Биздин Баш мыйзамыбыз жаштардын руханий, маданий, адеп-ахлак жана дене боюнун түзүлүшү жагынан өнүгүүсүнө кепилдик берет. Мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында бардык аракеттер көрүлүүдө. “Жаштар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун алкагында “Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун”, “Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобонун” жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда.

Ошону менен катар аймактардагы жаштардын убактысын туура пайдалануусуна, жагымдуу өткөрүүсүнө жана жаңы билимдер менен көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатында бардык керектүү жабдыктар жана техникалар менен камсыздалган жаштар борборлору курулмакчы.

Урматтуу достор!

Өлкөбүз силердин ой-кыялыңарга, дем-күчүңөргө, креативдүү демилгелериңерге муктаж. Өлкө келечегин куруучулар – силерсиңер! Мен силерди жигердүү болууга, жоопкерчилик алуудан коркпоого жана жаңы бийиктиктерди багындырууга чакырам. Келгиле, Жаңы Кыргызстандын жаркын келечегин чогуу куралы.

Майрамыңар кут болсун!”

Пикир

Оставить комментарий