• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин имаратын көрүп чыкты.

Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз мамлекет башчысына мурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имарат ичинде иштөөгө мажбур болушканын маалымдады.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.

Мамлекет башчысы чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлери жана башчылары үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн, анын ичинде турак-жай менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эскерте кетти.

Садыр Жапаров өлкөнүн эгемендик жылдарында чет өлкөдөгү мүлктү ижарага алууда кеткен суммага өз имараттарын сатып алса болорун белгиледи.

Бул контекстте президент анын тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Венгриядан имарат сатып алынганын, Швейцария, Австриядан жана Россиянын Новосибирск шаарынан кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди. АКШнын Нью-Йорк жана Германиянын Берлин шаарында дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатып алынат.

Ал жакка барганында президент Садыр Жапаров имаратты көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине жакшы каалоо-тилектерин эстеликке жазуу түрүндө калтырды.

Пикир

Оставить комментарий