Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына автобус белек кылды

Президент 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий