• 87
  • 91.26
  • 0.84

Садыр Жапаров: Кыргызстандын жаркын келечеги биздин жаштардын колунда

Президент 0

Бишкек, 16.12.24./Кабар/. Кыргызстандын жаркын келечеги биздин жаштардын колунда. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияны тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө жаштардан, өзгөчө жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттерге үмүт артат.

“Университет – бул жаш улан-кыздар өздөрү тандаган адистиги боюнча терең билим алууга, ар тараптан өнүгүүгө жана кесиптик ишмердүүлүгүнө даярданууга мүмкүнчүлк берген уникалдуу билим берүүчү чөйрө. Жогорку окуу жайлардан өзүнүн жана өлкөнүн өнүгүшүнө умтулган жаштар чыгат деп үмүттөнөбүз”, - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров келечекке ишеним менен карап, окуусунда, илимде жана чыгармачылыгында мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга аракет кылган таланттуу студенттерге президенттик стипендияларды тапшырып жатканын сыймыктануу менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий