• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Садыр Жапаров: Өлкө боюнча 42 миңден ашуун ипотекалык батир салынууда

Президент 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Өлкө боюнча 42 316 батир салынууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна “мезгил кутусун” салуу иш-чарасында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте турак жайлуу болуу үчүн кезекте 22 573 адам, региондордо 15 400 адам турат.

“Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Борбор калаага эле кезекке турбай, региондорго да турууга өзгөчө көңүл бурулду. Келээрки жылдан баштап облустарга, райондорго, кичи шаарларга үйлөр курула баштайт”, - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент иш-чарада 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий