Садыр Жапаров: Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө доо кетиргендер эң катаал жазага тартылат

Президент 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. “Аскер кызматкери болобу же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө жетишерлик көңүл бурулбай келген.

Бюджет тартыштыгына байланыштуу, мамлекетибиздин коргонуу жөндүмдүүлүгүнө бөлүнгөн каражат коргонуу жөндөмдүүлүгүн минималдуу деңгээлде дагы кармап турууга жетишсиз болгон.

«Эгер тынчтыкты кааласаң, согушка даяр бол» деген эл оозундагы накыл кеп баарыбызга маалым. Албетте, бул сөз согушка даярданышыбыз керек дегенди түшүндүрбөйт. Болгону биздин мамлекетибиз үчүн кандай гана коркунучтар болбосун, алардын мизин кайтарууга бардык зарыл жана адекваттуу чараларды көрүү керектигин эскертип турат.

Соңку мезгилде бул багытта көп иштер жасалды. Аскер кызматкерлерин кызматтык турак-жай менен камсыз кылууга, аларды акчалай, кийим-кечек жана жана азык-түлүк жактан камсыз болушун жогорулатууга, жашоо-шарттарын жана башка инфратүзүм түзүп берүүгө далалат кылып жатабыз. Бул багытта иш улантылат.

Мамлекет аскер кызматкерлерине кам көрүүгө: аларга атадай акыл-насаат айтып, энедей мээрим төгүп, мамиле кылууга тийиш.

Ар бир аскер, мейли укук коргоо органдарынын же мейли атайын органдардын кызматкери болсун, ал – эң ириде кимдир бирөөнүн аскар тоодой атасы, же түбөлүк жары, же алмончоктой баласы. Бир эле кыргыз жоокерин жоготуу – бүтүндөй элибиздин орду толгус жоготуусу, кайгысы.

Биз, баарыбыз тынчтыкта, ынтымакта жашагыбыз келет. Тынчтык болсо, биримдик болсо мамлекетибиздин жаркын келечеги болот, кийинки муундарыбыз, урпактарыбыз бакубатчылыкта өмүр сүрөт. Дал ушундай максат үчүн мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн эң жогорку деңгээлде кармап турууга бардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз керек.

Ал эми Ата Мекенине кыянаттык кылып, мамлекетке зыян алып келгендерге – андайлардын кайда, кандай кызматтарды ээлегенине карабастан, сөзүбүз кыска, мамилебиз кескин болот. Билесиздер, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын арасында мындай “погончон кылмышкерлер” менен тынымсыз күрөш жүрүп жатат. Мындайдар аныкталып, жолу торолуп, бөгөт коюлуп, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынууда.

Мындай күрөш жеке эле аскер кызматкерлеринин арасында эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокуратура, улуттук коопсуздук, бажы жана башка органдардын кызматкерлеринин арасында да жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп айтып кетейин.

Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун – алар улуттук коопсуздугубузга доо кетирип, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болуп эсептелет. Андайларды биз кечирбейбиз, алар мамлекеттин каарын жон терилери менен сезиши керек.

Аскер кызматкери болобу, же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат. Дагы бир жолу кайталайм, андай Ата Мекендин чыккынчыларына эч кандай кечирим болбойт.

Мен эки күн мурун эле бардык мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылдым. Бүгүнкү олуттуу жыйыныбыздын жүрүшүндө да кайталап айтып кетейин. Мамлекеттин мүлкү, казынасы, каражаты 33 жылдан бери ар кандай жолдор менен уурдалып, тонолуп келди. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жыла албай, өнүгө албай, ушундай акыбалга жетти. Мындан ары буга жол бербейбиз. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга болгон күчүбүздү жумшайбыз, мыйзамдуу жолдорун табабыз, же жаңы Мыйзам чыгарабызбы, биз ошого баратабыз.

Ошондуктан мен бүгүн бир гана коргоо министрине эмес, катышып жаткан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын бардык жетекчилерине, генералдарга жана өлкө офицерлерине кайрылам. Силер мамлекетибизге кандай гана ички жана тышкы коркунучтар болбосун, толук кандуу каршы турууга бардык чараларды көрүүгө түздөн-түз милдеттүүсүңөр. Ошону менен бирге улуттук коопсуздукту бузууга кандай гана аракеттер болбосун, коркунучтарды аларды алдын алууда ыкчам жана кесипкөйлүк менен аракеттенүүңөр кажет.

Өлкөбүзгө каршы террористтик, экстремисттик коркунучтар, же башка куралдуу агрессия болсо, өз учурунда, эң башкысы натыйжалуу бөгөт коюлуп, жок кылынышы керек.

Бул жерде катышып жаткандардын бардыгы өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана бүтүндөй улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жооптуу кызмат адамы болуп эсептелесиңер. Мындан улам, элибиз менен бирге мен биринчи кезекте дал ушул жерде отургандардан, андан кийин силердин кол алдыңардагы кызматкерлерден улуттук коопсуздуктун абалы тууралуу сурайбыз.

Коргоо министрлигинин жетекчилиги мезгилден артта калбай, мыкты эл аралык тажрыйбаларды иликтеп, талдап турушу керек. Өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө жана күчтөндүрүү максатында өзүнүн күнүмдүк ишине мыкты методикаларды жана иштөө механизмдерин киргизиши керек.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги аскер кызматкерлеринин моралдык-психологиялык абалын ар дайым чыңдап турушу керек. Аскер кызматкерлеринин арасында чыр-чатакка жана уставдан тышкары мамилелерге жол бербей, алардын мекенчилдик сезимин, атуулдук ар-намысын жогорулатуунун үстүндө иштеп, аскер уставдарын так сактап, талаптарын так аткаруу керек.

Мындай иштерде Кыргыз Республикасынын жаңы Аскердик доктринасын ишке ашыруу олуттуу көмөк көрсөтөт.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Күн тартибиндеги экинчи маселени кыскача талкууга алалы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкү объекттерди Стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү сунушталат:

– “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;

– “Учкун” ачык акционердик коому;

– “Госзнак” жоопкерчилиги чектелген коому;

– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эң маанилүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдары (дата-центр) жайгашкан айрым имараттары.

Урматтуу Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү!

Аталган объектилердин маанилүүлүгүн белгилеп кетейин.

«Учкун» басмаканасына, сиздерге маалым болгондой, жаңы, заманбап жабдуулар алынып келинди. Бул биздин жарандарга Кыргызстандын паспортун жана айдоочулук күбөлүктөрүн жеке компанияларга, чет өлкөлөргө кайрылбай, аларга көз каранды болбой, басып чыгарууга мүмкүндүк берет.

Бул өз кезегинде улуттук коопсуздукка оң таасирин тийгизет. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды кыйла үнөмдөйбүз.

Экинчи маанилүү объект – бул Раззаков шаарындагы аэропорт. Баткен облусунун борбордук бийлик органдарынан кыйла алыстыгын эске алсак, Раззаков атындагы аэропорт улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле Лейлек районунун гана эмес, бүтүндөй Баткен облусунун тургундарынын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген бүткүл район үчүн маанилүү тиричилик объектиси болуп саналат.

Раззаков атындагы аэропортко маанилүү стратегиялык объект макамын берүү анын коопсуздугун камсыздоо жана республиканын эң алыскы регионунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча тийиштүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, “Кылмыштардын бирдиктүү реестри”, “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” жана алар менен байланышкан башка автоматташтырылган маалыматтык базалардын борбордук серверлери абдан маанилүү маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке маалыматтарын камтыйт. Албетте, биз алардын талаптагыдай сакталышы жана ачык булактарга чыгып кетишине жол бербөө үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан, жогоруда аталган объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлдеги шарттар түзүлүшү керек.

“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Стратегиялык объектилердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат”.

Пикир

Оставить комментарий