• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Садыр Жапаров мамлекеттин балансына кайтарылган № 59 “Баластан” бала бакчасына барды

Президент 0


Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, мамлекеттин балансына кайтарылган № 59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан мекеме мурда “Кыргыз камвол комбинаты” ачык акционердик коомунун бала бакчасы болуп келген. 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы жеке менчикке мыйзам бузуулар менен сатып алып, бул имараттын бир бөлүгүн эс алуу борбору катары колдонуп келишсе, экинчи бөлүгүн спорт зал катары колдонулган. Аймактын жалпы аянты 11 миң 400 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын тийиштүү аракеттеринин негизинде бул имарат мамлекеттин менчигине кайтарылып, мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө “Баластан” бала бакчасында капиталдык оңдоо иштери аяктады. Мектепке чейинки мекеме 420 балага эсептелген, бирок жаңы технологияларды колдонуу менен бала бакча 600 балага ылайыкташтырылды. Билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Жертөлөсү бар эки кабаттуу имаратта: спорт залы, чечинүүчү жай, оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, медициналык кабинет, тарбиячынын бөлмөсү, кыргыз тили кабинети, методисттин кабинети, ыр жана музыка залы, STEAM-билим берүү кабинеттери бар.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бала бакчанын тарбиялануучулары чакырылган конокторго ыр окуп, бий көрсөтүштү.

Бала бакчанын аймагында 11 оюн аянтчасы бар.

Президент Садыр Жапаров бала бакчада түзүлгөн шарттар менен таанышып, тарбиялануучулардын ата-энелери менен болгон маегинде мамлекет тарабынан мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү, балдарды мектепке сапаттуу даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ата-энелер өз кезегинде мамлекет башчысына балдары үчүн түзүлгөн шарттар жана аларга ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө сапаттуу мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошону менен бирге, Садыр Жапаров “Баластан” бала бакчасынын жетекчилигине кайрылып, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана алардын дене-бой, эмоционалдык жана интеллектуалдык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий