• 87
  • 90.43
  • 0.88

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Ала-Арча паркында кыскача этномаданий программа менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Азербайждын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды.

Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук “шырдак” килемдери менен таанышты.

Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштардан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү.

Этномаданий программа Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана музыка менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий