• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.12.23./Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий