• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Садыр Жапаров менен Виктор Орбандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация;

- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

– Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташтык программасы;

- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Пикир

Оставить комментарий