• 87
  • 91.29
  • 0.84

Садыр Жапаров министрлерди таза жана адилет иштөөгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Таза, адилет иштегенге көзүңөр жетпесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот, деди президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде.

"Ырыс алды - ынтымак” деген элибиздин накыл кебин туу туткан өлкөбүздө биримдик өкүм сүрүп, Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Мамлекеттин ички-тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканына жалпы эл күбө. Кудай буюрса, буга чейин жүрөк өйүтүп келген чек ара маселелери коңшулар менен толук жөнгө салынып, өз ара пайдалуу негизде чечилип калды. Коңшуларыбыз менен достукта жана ынтымакта жашоонун пайдубалы андан-ары бекемделүүдө. Россия, Кытай, Европа мамлекеттери, Түркия, Корея, Япония сындуу өлкөлөр менен алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара кызматташуу чыңдалууда.

Ал эми мамлекетибиздин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр, экономикалык өсүштөр, айрыкча, улам четинен ачылып жаткан социалдык-экономикалык обьектилер, бир катар тармактарды реформалоого жасалган аракеттер жалпы мекендештерди кубантып жатат десем жаңылышпайм. Албетте, мунун баары аткаруу бийлиги менен Сиздердин, Урматтуу депутаттар,мыйзам чыгаруу бийлигинин кыска аралыктын ичинде көп күч жумшап, илгерки парламенттердей болуп жеке кызыкчылыктар үчүн соодалашпай ынтымакта эриш-аркак иштешинердин натыйжасы деп айтууга толук негиз бар. Аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген мамлекеттик маанилүү маселелерди кечиктирбей колдоп келе жатасыздар. Бул үчүн сиздерге ыраазычылык билдиремин.

Албетте араңарда илгерки көндүм адатын кылып министрликтер тараптан жеке кызыкчылыктары чечилбей калган үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген беш-алты депутаттар бар. Аларга көңүл бурбайлы. Анткени көпчүлүк басымдуулук кылып, мамлекет үчүн пайдалуу, келечектүү маселелерди колдоп берип келе жатасыздар. Жыйынтыгында көзгө көрүнөрлүк ири иштер жасалып, жалпы журтубуз менен бирге эл аралык коомчулук дагы алгылыктуу иштерибизди белгилеп келишүүдө.

Менин күнү-түнү тынбай министрлер кабинетинин алдына койгон талаптарымды министрлер, жалпы команданын тапшырмаларымды так жана ыкчам аткарууга болгон аракетеринин жыйынтыгында мына бүгүнкү жетишкендиктерге жетип олтурабыз. Ачыгын айтып коюш керек, бул жетишкендиктерге министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча эле саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум.

Урматтуу эл өкүлдөрү!

Коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берет. Андыктан, биз да өз ишибизди токтотпой улантышыбыз керек. Айрыкча, -кмөттүн өлкө турмушун жөнгө салуу, өнүктүрүү жаатындагы ишмердиги бир мүнөт дагы токтоп калбашы керек. Мындан улам, министрлер кабинетинин төрагасы кызматына баарыңыздарга белгилүү Адылбек Алешович Касымалиевдин талапкерлигин сунуш кылгам. Мен анын өмүр жолуна көз салсам, тээ Ленинград финансы-экономикалык институтун аяктагандан тартып каржы, салык, жыйымдар боюнча жөнөкөй кызматкерден баштап, бир топ жетекчилик кызмат тепкичтерин басып өтүптүр. Айрыкча, экономика, каржы министри кызматтарын аркалап, өлкөбүздүн бул тармактарын ийне-жибине чейин жеткиликтүү билээрин, тийиштүү тажрыйба топтогонун сиздер деле жакшы билесиздер. Ошол үчүн колдоп бердиңиздер деп ойлойм. Сиздерге терең ыраазычылык.

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дейт кыргыз эли. Биз да кетебиз, мөөнөтүңөр аяктагандан кийин сиздер да кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат! Бийлик алмашат, жаңылары келет-кетет, турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип, жалпы журтубузга ак кызмат кылып беришсе болгону.

Мекенибизге – сүйүктүү Кыргызстаныбызга, кылым кыйырынан бери нарк күтүп, сакталып келаткан элибизге кызмат кылалы, таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели.

Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келе жаткандар барсыңар.

Мурдагы заманды унуткула. Ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле! Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды түп тамыры менен жок кылгыла! Таза иштегиле! Таза, адилет иштегенге көзүңөр жепесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот.

Урматтуу депутаттар, урматтуу министрлер, ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!"

Пикир

Оставить комментарий