• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

Президент 0

Бишкек, 09.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Анда Мамлекет башчысы буларды айтты:

"Урматтуу журналисттер!

Айымдар жана мырзалар!

Монголиянын Урматтуу Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мырза менен биздин эки тараптуу жолугушуубуз азыр эле болуп өттү.

Ишенимдүү, достук маанайда биз кыргыз-монгол эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири спектри боюнча пикир алмаштык.

Биз ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкууладык.

Биздин өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде активдүү диалог жүргүзүлүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп өттүк. Бул соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берет.

Бул сапардын жемиштүү жана натыйжалуу экендигин кол коюлган эки тараптуу документтердин олуттуу тизмеси тастыктайт.

Өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана региондор аралык деңгээлде жыйынтыктоочу саясий документ - Достук жана кызматташтык мамилелерди тереңдетүү боюнча Биргелешкен декларациядан тышкары бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтерге ылайык, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба жана токой чарбасы жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү, эки өлкөнүн шаарлары менен аймактары ортосундагы боордоштук байланыштарды кеңейтүү боюнча практикалык чаралар көрүлөт.

Монголияда Кыргызстандын Элчилигин ачуунун мааниси зор экендигин белгилеп өттүк.

Биздин Элчиликтин ачылышы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүүгө жана мындан да динамикалуу өнүгүүгө, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын потенциалын ачууга жана аларды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиргим келет.

Жолугушууда өлкөлөрүбүздүн коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан менен Монголиянын компетенттүү органдарынын жаңы жана салттуу чакырыктарга жана биздин өлкөлөрдөгү, региондогу жана бүтүндөй дүйнөдөгү тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы турууда өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу зарылчылыгы белгиленди.

Кыргызстан менен Монголия эл аралык аренада, эл аралык жана аймактык уюмдардын – БУУ, Шанхай кызматташтык уюму, СВМДА (Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме) алкагында ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, биздин сапарыбыз бул күндөрдө Монголияда майрамдалган, бизге кылымдардан бери келген жана жалпы тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын символу болгон Наадам майрамына туш келип отурат.

Азыркы Кыргызстан жана Монголия - байыркы көчмөн цивилизациясынын өкүлдөрү. Биз бүткүл адамзатка баа жеткис салым кошкон улуу көчмөндөрдүн урпактарыбыз.

Кыргыз жана монгол элдеринин тарыхый, маданий жана руханий жалпылыктары достуктун, өз ара ишенимдин жана кызматташтыктын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жакшы негиз болуп саналат. Жеке мен бул үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын.

Жалпысынан, урматтуу Президент Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон жолугушууга баа берип жатып, анын жыйынтыгына канааттангандыгымды билдиргим келет.

Жетишилген макулдашуулар жана аларды ишке ашыруу Кыргыз-Монгол мамилелеринин өнүгүшүнө күчтүү импульс берип, эки өлкөнүн элдеринин мындан ары жакындашуусуна, өз ара ишенимге, өз ара гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө болот деп ишенем.

Салттуу меймандостугу, сапардын жүрүшүндө көрсөтүлгөн жылуу мамилеси үчүн монгол тарапка чын дилимден ыраазычылык билдирем жана монгол элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм".

Пикир

Оставить комментарий