• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта "Крокус Сити Холлдо" көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

​Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий