• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Садыр Жапаров Мунарбек Сейитбек уулун Олимпиадада күмүш медаль утушу менен куттуктады

Президент 0


Бишкек, 11.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулун Парижде (Франция) өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль утушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Мунарбек Сейитбек уулу өз жеңиши менен элибиздин, ата-бабаларыбыздын баатыр мүнөзүн дүйнө жүзүнө даана, так көрсөткөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров талыкпаган, жан аябаган машыгуулардын аркасында жетишилген бул жеңиш бүткүл элдин сыймыгы экенин баса белгилеп, спортчунун жетишкендиги менен соцтармакта биринен бири ашып кыргызстандыктар гана эмес, бүткүл дүйнөдөгүлөр сыймыктанып жатканын кошумчалады.

“Сен баарыбызга укмуш эмоцияларды тартууладың!” – деди президент.

Мамлекет башчысы мындан туура бир жыл мурун Мунарбек Сейитбек уулун кабыл алганында, Союз маалында кыргыз бокс мектебинин атагы дүңгүрөп, андан кийин эгемендик жылдарында, тилекке каршы, солгундап, ал турсун унутулуп баратканы жөнүндө айтканын эске салды. Бирок анын жеңиши кыргыз мушкерлеринин уучу куру эмес – дагы деле күчтүү жана чоң жетишкендиктерге жөндөмдүү экенин далилдеп койду.

Садыр Жапаров улуттук курама команданын мүчөсүнө, анын машыктыруучуларына жана секунданттарына бул тарыхый жеңишке алып келген талыкпаган эмгеги жана аракети үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Сен бүткүл кыргыз элинин сөөгүн агартып, намысына жарадың, иним! Тарых жараткан жеңишиң менен дагы бир жолу куттуктайм! Азаматсың!” – деди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле Олимпиадага катышкан бардык кыргыз спортчуларына Мекенине аман-эсен кайтып келишин каалап кетти.

Өз кезегинде Мунарбек Сейитбек уулу президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо ийгиликке жетүүгө жардам бергенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий