• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Франциянын Париж шаарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

Пикир

Оставить комментарий