• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров прокурорлорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров прокурорлорду кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы прокурорлор кесиптик ар-намысты жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык жактан тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга тийиш экендигин белгилеп, алар берген анттарына бекем туруп, Кыргызстанга ак кызмат кылууну уланта беришине ишенерин айтты.

“Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары” деген ардактуу наам ар дайым силердин жооптуу ишиңерге күч-кубат, шык-дем берип турсун! Прокуратура органдарынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Дагы бир ирет 100 жылдык мааракеңиздер жана бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктаймын!” - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Пикир

Оставить комментарий