• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти. Делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат.

Пикир

Оставить комментарий