• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын падышасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана бири-бирине болгон ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.

Сауд Аравиясы Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Сауд Аравия элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий