Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда добуш берди.
Добуш берүүдөн кийин президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи.
“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды”, - деп баса белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.
“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент шайлоо участоктору саат 20:00гө чейин иштей турганын эске салып, жарандарды шайлоого убакыт таап, катышууга чакырды.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге кезексиз шайлоо КР президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы менен дайындалган.
Шайлоо 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерде өтүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий