Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. “Биздин Уюм бийик максаттарга жетүү, эл аралык аренада позицияларды бекемдөө, өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү жана элдерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө уникалдуу потенциалга ээ”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйынында баса белгиледи.
Саммиттин темасы - «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук».
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мамлекет жана өкмөт башчылары,
Урматтуу делегация башчылары,
Урматтуу Башкы катчы мырза,
Урматтуу жыйындын ардактуу меймандары жана катышуучулары,
Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги Саммитин меймандос кыргыз жеринде өткөрүп, сиздер менен аманчылыкта жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын.
Жаңы курулган «Ынтымак Ордо» имаратында жогорку деңгээлдеги биринчи көп тараптуу иш-чара – боордош мамлекеттерибиздин жолугушуусу экендиги бизди эки эсе кубандырып жатат.
Быйыл биз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуу жолундагы алгачкы кадамды белгилеген тарыхый окуя – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Андыктан, 100 жылдык маараке жылында бүгүнкү саммиттибизди Кыргызстанда өткөрүү биз үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.
Урматтуу кесиптештер,
Эң алгач, Казакстан Республикасынын президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевичке биздин Уюмга жемиштүү төрагалык кылганы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Казак боордошторубуз төрагалык кылган мезгилде биздин Уюм ар кыл чөйрөлөрдө өзүнүн өнүгүүсүн ийгиликтүү улантты.
Баардыгыңыздарга маалым болгондой, кечээ күнү Түркиянын президенти, урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзанын Кыргызстанга мамлекеттик сапары өттү. Биз бир катар маанилүү маселелерди талкуулап, жемиштүү макулдашууларга жеттик.
Ошондой эле, кечээ Венгриянын премьер-министри урматтуу Виктор Орбан мырзанын Кыргызстанга расмий сапарын ийгиликтүү өткөрүп, анын алкагында ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Европа мейкиндигинде түрк күн тартибин алдыга жылдырууга жеке көңүл бурганы жана колдоосу үчүн урматтуу Виктор Орбан мырзага ыраазычылык билдирем.
Урматтуу кесиптештер,
Бизди кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүк мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жигердүү өнүгүп, бекемделип жатканы кубандырбай койбойт.
Бул жылы мен мамлекеттик жана расмий сапарлар менен Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстанга бардым.
Сапарлардын алкагында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди кеңейтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон биздин эркибиз дагы бир жолу тастыкталды.
Жакын арада Азербайжан эң ири эл аралык иш-чара – Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча конференциясын, COP-29 саммитин өткөргөнү жатат.
Урматтуу Ильхам Гейдарович, биз мындай маанилүү саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө тилектешпиз жана боордош Азербайжан Республикасын ар тараптан колдоого даярбыз.
Өзбекстандын президенти, урматтуу Шавкат Миромонович менен жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыркы жылдары биздин биргелешкен аракеттерибиз менен эки тараптуу кызматташтык бардык тармактарда ишенимдүү өнүгүп келе жаткандыгын канааттануу менен белгилейм.
Урматтуу кесиптештер,
Алдыдагы мезгил ичинде Түрк мамлекеттер уюмуна кезектеги төрагалык вазийпасын кабыл алуу – биз үчүн чоң сыймык.
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген ураан астында өтөт.
Төрагалыктын жүрүшүндө Бишкек Саммитинде кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышына натыйжалуу көмөк көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди жасоого ниеттенип жатабыз.
Эң алгач биздин төрагалыгыбыз «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» программасына, «2022-2026-жылдарга карата Түрк мамлекеттер уюмунун Стратегиясына» жана Уюмдун башка стратегиялык документтерине басым жасайт.
Төрагалык мезгилде биз көп тараптуу өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга күч-аракетибизди жумшайбыз.
Биз биргелешкен эл аралык демилгелерди алга жылдыруу, экономиканын стратегиялык тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу төмөнкү темалар боюнча иштешүүгө даярбыз.
Кыргызстан экономикалык өз ара кызматташууга өзгөчө маани берет.
Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% га өстү. Бул жетишкендик биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү деп ойлойм.
Соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында капиталдык салымдарды көбөйтүүгө, өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу рыноктору менен алмашууга багытталган документти иштеп чыгуу боюнча аракеттерди көрүүгө чакырам.
Муну менен бирге бир катар багыттарда өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр демилгеленет. Айрымдарын атап өтсөм, алар: кызмат көрсөтүүлөр, финансы, эмгектин жалпы рынокторун түзүү жана колдоо, санариптик, электрондук коммерция, интеллектуалдык менчик, айыл чарба, технологиялар, инновациялар, туризм жана билим берүү чөйрөлөрү.
Бул контекстте түрк мамлекеттеринин ортосундагы санариптик соодага көмөктөшө турган Санариптик экономика жаатындагы өнөктөштүк жөнүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында макулдашууга кол коюуну толугу менен колдойм.
Урматтуу жыйындын катышуучулары,
Кыргыз Республикасы ТМУнун аймагынын санариптик интеграциясын тездетүү максатын көздөйт. Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү демилгелерди ишке ашыруу пландалып жатат.
Бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жаатында биз электрондук сооданы жөнгө салууга, транспорттук жана логистикалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, санариптик стандарттарды жана сертификаттарды өз ара таанууга кызыкдарбыз.
Ошондой эле, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу механизмдерин түзүүгө багытталган документтерди биргелешип даярдоого умтулабыз.
Төрагалыктын алкагында санариптик технологиялар жаатында, өзгөчө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана жасалма интеллект тармактарында биргелешкен изилдөөлөргө көмөк көрсөтүлөт.
Ушуга байланышкан Бишкек шаарында Жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин форуму ийгиликтүү өткөнүн белгилейм. Форум жасалма интеллектти өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо жана биздин өлкөлөрдө технологиялык прогрессти стимулдаштыруу үчүн уникалдуу аянтча болуп калды.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарына 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын ыйгаруу боюнча демилгени колдооңуздарга ыраазычылык билдирем.
Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө олуттуу прогресске жетишти.
Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана анын мобилдик версиясы 2021-жылдан тартып ишкерлердин өкмөт менен өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү платформа катары кызмат кылууда.
Бүгүнкү күндө портал 37 ар кандай мамлекеттик органдын жүздөн ашуун мамлекеттик кызматтарын сунуштап, ай сайын 1,5 миллион жаран кайрылат.
Санариптик документтер мыйзамдуу күчкө ээ жана аларды учурда мобилдик тиркеме аркылуу колдонуу мүмкүн. Биз ошондой эле салыктык администрациялоону жана лицензиялоо процесстерин жөнөкөйлөтүп, аларды рыноктун бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылып жатабыз.
Урматтуу кесиптештер,
Белгилүү болгондой, Борбор Азия олуттуу табигый энергетикалык ресурстарга бай чөлкөмдөрдүн бири.
Кыргыз Республикасы Борбордук Азия аймагынын дарыяларынын башатында жайгашкан. Кыргызстанда кайра ишин улантуучу гидроресурстардын, ири ГЭСтердин эсебинен электр энергиясы өндүрүлөт. Биздин өлкөдө күн, шамал жана «жашыл» суутекти өндүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда улуттук деңгээлде жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен биргеликте энергетикалык коопсуздукту жана энергиялык натыйжалуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Өлкөдө элүүдөй чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча иштер жүрүп жатат.
«Камбар-Ата-1» эң ири ГЭСин Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте куруу боюнча макулдашуулар жетишилди.
Сиздерди ушул ири долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырам.
Өз кезегибизде, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган Технологиялар жана «жашыл» демилгелер боюнча аймактык борборду түзүү маселесин карап чыгууну сунуштайбыз.
Кымбаттуу достор,
Кыргызстан климаттын өзгөрүшү жана экологиянын булганышы сыяктуу курч маселелерге да өзгөчө көңүл буруп келет.
Климаттын өзгөрүүсүнүн чакырыктарын жоюу жана экологиянын булгануу көйгөйлөрүн чечүү боюнча ТМУга мүчө мамлекеттер менен биргелешкен чараларды көрүү – Уюмга төрагалыгыбыздын негизги багыттарынын бири.
Акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган. Өлкөнүн айрым аймактарында бардык мөңгүлөр дээрлик жок болгон. Алар биздин өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн ичүүчү таза суунун булагы болуп саналат. Биздин аймак дүйнөнүн эң ысык климаттын аярлуу аймактарынын бири экенин эске алсак, 2100-жылга чейин мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Биз кайра жаралуучу энергия, токойду калыбына келтирүү, ресурстарды үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды киргизүү, мөңгүлөрдү жана биологиялык түрлөрдү сактоо, жерлердин деградациясына жана чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү чөйрөсүндө биргелешкен «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрөбүз.
Мындан тышкары, 2050-жылга чейин биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландап жатабыз.
Урматтуу кесиптештер,
Кыргыз Республикасы эл аралык аренада тоо күн тартибин жана тоо демилгелерин жигердүү алга жылдырып келүүдө. Бул багытта эл аралык аянтчаларда биргелешип иш алып барууну сунуштайбыз.
Бул контекстте Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоону туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын белгилей кетким келет. Анын алкагында 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды.
Биз климат боюнча Конвенциянын тараптарына тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча Диалогдорду жыл сайын улантууну сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу, боордош Түрк өлкөлөрүнөн Баку шаарында боло турган COP-29 конференциясында аталган Диалогду институтташтыруу боюнча Кыргызстандын демилгесин колдоону өтүнөбүз.
Аталган Конференциянын алкагында биз «Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор жана климаттын өзгөрүшү маселелерин Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясына киргизүү» темасындагы Жогорку деңгээлдеги кеңешмени өткөрүүгө даярданып жатабыз.
Өлкөлөрүбүздүн климаттык күн тартибиндеги позицияларыбыздын дал келишин эске алуу менен, Сиздерди ушул Жогорку деңгээлдеги жыйынга катышууга чакырам.
Муну менен бирге, кыргыз тарап демилгелеген «Түрк жашыл көз карашы: биримдик туруктуу келечек үчүн» концептуалдуу документин ишке ашырууда боордош өлкөлөрдүн колдоосуна ишенем.
Урматтуу кесиптештер,
Кыргыз Республикасы палестина-израилдик жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү колдойт жана бул маселеде БУУнун резолюцияларына ылайык «эки элге эки мамлекет» принцибин карманат.
Биз Израилди эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин жана нормаларын сактоого чакырабыз, анын ичинде жарандарды, жарандык инфраструктураны коргоо жана гуманитардык жардамга тоскоолсуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу милдетин аткарууга чакырабыз.
Ошондой эле, биз палестин элинин өзүн-өзү аныктоо, өз мамлекетин түзүү жана Бириккен Улуттар Уюмга толук кандуу мүчө катары кирүү укугун тааныйбыз жана колдойбуз.
Палестинада күн сайын жана саат сайын балдар менен аялдар курман болуп, тынч тургундар оор физикалык жана моралдык кыйноолорду башынан кечип жаткан кырдаалдын орун алышына жол берилбеши керек.
Урматтуу жыйындын катышуучулары,
Биз ошондой эле коопсуздук маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жигердүү катышууга даярбыз.
Анкара шаарында 23-октябрь күнү орун алган террористтик кыймылдын кесепетинен болгон трагедияга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Келе жаткан төрагалык астында, ТМУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун жаңы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы биргелешип чара көрүү механизмдерин жакшыртуу аракеттерибизди улантабыз. Буга коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөөдө терроризмге, экстремизмге жана транс улуттук кылмыштуулукка каршы биргелешкен чараларды күчөтүү кирет.
Ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн ТМУнун Ички иштер министрлеринин биринчи жыйынын колдойбуз. Бул жолугушуу ушул багытта мындан ары да тыгыз иш алып барууга негиз болот деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер,
Биздин дагы бир артыкчылыктуу багытыбыз – маданий-гуманитардык жаатында кызматташуу саналат. Жалпы маданий мурасыбызды сактоо жана жайылтуу максатында Түрк тилдүү элдердин китепканасын түзүүнү сунуштайм. Бул долбоор Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу жана маданий алмашуу платформасы болмокчу. Түрк тилдүү элдердин китепканасы элдерибиздин биримдик сезимдерин ойготуп, өз ара маданий жактан байытып, байланыштарын чыңдоо үчүн жакшы түрткү болот деп ишенем.
Түрк мамлекеттер уюмунун колдоосу менен бул долбоор маданий кызматташуу үчүн бекем пайдубал түптөп берип, билим берүү жана маданий иш-чаралар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.
Түрк институттары тарабынан мамлекеттер аралык жана улуттук деңгээлде көптөгөн долбоорлор жана иш-чаралар ишке ашырылууда.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй-музейин реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн Түрк маданияты жана мурасы фондуна терең ыраазычылык билдирем. Залкар акын, кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун үй-музейи борбор шаарыбыздын көркү болот деп ишенебиз.
Урматтуу достор,
Мен Кыргызстандын Уюмга алдыда боло турган төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп өттүм. Албетте, башка багыттарда дагы жигердүү иш улантылат. Бул милдеттерди ишке ашырууда координацияланган, системалуу иш талап кылынат. Биз Сиздердин ар тараптуу колдооңуздарга ээ болобуз деп терең ишенем.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасы өзүнүн төрагалыгынын жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун ролун жана кадыр-баркын мындан ары бекемдөө максатында, боордош түрк өлкөлөрү менен конструктивдүү түрдө кызматташуусун уланта берет деп дагы бир жолу белгилеп кетким келет.
Урматтуу жыйындын ардактуу меймандары жана катышуучулары,
Бүгүнкү жолугушууну жыйынтыктоого уруксат этиңиздер.
Биринчи кезекте, Бишкек саммитинин бардык катышуучуларына Түрк мамлекеттер уюмунун бекемделишине өз салымдарын кошууга умтулгандыктарын белгилеп, чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Биз Сиздер менен ар түрдүү тармактардагы кызматташуунун негизги маселелерин талкуулап, жаңы сунуштар жана демилгелерди көтөрдүк. Алар бардык мүчө мамлекеттердин колдоосун таап, жакынкы арада ишке ашырылышы абдан маанилүү деп эсептейм.
Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.
Биздин Уюм бийик максаттарга жетүү, эл аралык аренада позицияларды бекемдөө, өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү жана элдерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө уникалдуу потенциалга ээ.
Кыргыз Республикасы өзүнүн Төрагалыгынын алкагында экономикалык өнөктөштүктү, туруктуу өнүгүүнү, санариптик интеграцияны өнүктүрүүгө, ошондой эле жалпы коопсуздукту бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшап, өз салымын кошот.
Учурдагы жолугушуунун жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер биздин аймактардагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө, ТМУ өлкөлөрүн мындан ары да акырындык менен өнүктүрүүгө жана элдерибиздин бакубат жашоосуна өбөлгө түзөт деп ишенем”.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.
Пикир
Оставить комментарий