Президент Садыр Жапаров Талас шаарында аэропортту ачты

Президент 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарындагы аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы шаардын тургундары жана меймандарынын алдында сөз сүйлөп, “Талас” аэропортунун ачылышы Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачып жатканын белгиледи.

Өлкөнүн региондорундагы аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураган бойдон турган, өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен биргелешип, токтоп турган учак майдандарынын ишин жандандыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрдү. Таластагы аэропорт бул иштин алгачкы маанилүү натыйжасы болуп отурат.

Садыр Жапаров 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган “Талас” аэропорту дагы Советтер Союзу таркагандан бери ишин токтоткондугун, кийин болсо учуп-конуу тилкесин толугу менен оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына жана аэродромдун жасалма төшөлмөлөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу жабылгандыгын белгиледи.

Президент белгилегендей, өлкөнүн министрлер кабинетинин жана “Манас” эл аралык аэропортунун биргелешкен аракети менен "Талас" аэропортун реконструкциялоо долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бир жылдын ичинде эл аралык ченемдерге ылайык аэродромду калыбына келтирүүгө жетишти. Саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жаңы аэровокзал жана модернизацияланган учуу-конуу тилкеси - жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери болуп калды.

Мамлекет башчысы “Талас” аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин белгиледи. Бул кадам өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине, элдин жакындашуусуна өбөлгө түзөт, экономиканы, ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен алака-катышыбызды чыңдоого жардам берет.

Ал Кыргызстандын аэропортторун жандандыруу долбоору Талас менен гана чектелбегенин айтып өттү. Маселен, учурда “Каракол”, “Тамчы” эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерин куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. “Нарын” облустук аэропортунун аэробекетин куруу боюнча иштер толугу менен бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушу тапта “Казарман”, “Кербен”, “Баткен” аэропортторунун учуп-конуу тилкесин ондоп-түзөө боюнча иштер аягына чыгып калды. Ал эми “Баткен” эл аралык аэропорту жер-жерлерден келген учактарды кабыл алууда. “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөбүздө туруктуулук, коомдо ынтымак өкүм сүрүп, элибиздин колдоосу менен көздөгөн бардык максаттар ишке ашарын белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Таластагы жаңы аэропорт жөн эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу ыңгайлуу пункт эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы байланыштарды өнүктүрүүчү аянтча болушун каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий