• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды

Президент 0


Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматы боюнча оорукананын аталган бөлүмү 2011-жылдан бери иштебей бош туруп, өтө начар абалга келген. Үстүбүздөгү жылы имаратты оңдоо иштери бүтүп, бейтаптарды кабыл алуу жарым-жартылай башталган.

Мамлекет башчысы 150дөн ашык орунга эсептелген травматологиялык корпустун оңдолгон имаратын көрүп чыкты. Мында бардык заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар бар. Сөөк ириңи, муундар патологиясы, травматолгия жана чоңдордун ортопедиялык бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле операциялык блок жана жандандыруу палаталары бар.

Ооруканага барганда Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгек акы, медицина кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо боюнча жана чет элдик клиникалар менен кызматташууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта социалдык кызматкерлердин, анын ичинде дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу пландалып жатканын эске салды.

Ал өлкөдө социалдык кызматкерлерди эле эмес, өлкөнүн бардык жарандарын турак жай менен камсыз кылууга багытталган жеңилдетилген ипотекалык насыялоо боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын дагы бир жолу белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жарандардын бардык категориялары үчүн жеңилдетилген ипотекалык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу аракеттери улантылат деп ишендирди.

Травматология имаратына барган учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен имаратты оңдогон компаниялардын биринин ортосунда талаш жараткан жагдайлар бар экени белгилүү болду.

Мамлекет башчысынын көзүнчө тараптардын ортосундагы талаш маселелер чечилди. Корпус үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий